Общественный фонд    ЧИСТЫЙ ИССЫК-КУЛЬ
 Добровольное движение    ЧИСТЫЙ ИССЫК-КУЛЬ
вверх
 вниз 
Верхний блок Эмблема.

Долбоорлор

Экологиялык тескөөлөр.

Долбоор “Таза Ысык-Көл” коомдук фонду жана ыктыярдуу кыймылдын катышуучулары тийиштүү мамлекеттик түзүмдөр менен биргелешип, Ысык-Көлдүн түбүндөгү жана үстүндөгү булганууларды табуу боюнча уюштурууга багытталган такай аракеттеги экологиялык кызматтарды, көзөмөлдөө жана тескөө милдеттерди жигердүү ишке ашырууга чакырат.


Ысык-Көлдү тазалайбыз.

Жаратылышка зыян келтирбеген, кийин алардын калдыктарын ишке жаратууну эске алган, көлдүн түбүн таштандылар менен булганычтардан тазалоо боюнча суу түбүндөгү иш чаралардын мерчемдерин иштеп чыгуу. Долбоор иш чаралардын катышуучулары үчүн техникалык коопсуздукту уюштурууну камтыйт, мындан башка суу алдындагы таштандылардан арылтуу боюнча ыңгайлуу ыкмаларды түзөт. Долбоор боюнча өткөрүлүп жаткан иш чараларды ишке ашыруучу аймактагы же ага жакын жерлердеги жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, таштанды чыгаруучу кызматтардын, ээлик кылуучу субъектилердин сөзсүз түрдө жана жигердүү катышуулары талап кылынат.


Суу алдындагы дүйнө.

Долбоордо калкка суу алдындагы ар түрдүү спортту жайылтуу жолдору менен суу түбүнө түшүүнүн кызыктуулугу, суу алдындагы дүйнөнүн кооздугу боюнча түшүндүрүүнү карайт. Долбоор, ар кандай тереңдиктеги суу алдында болуунун коопсуздук тажрыйбалары менен принциптерин өздөштүрүүгө жол ачкан, техникалык жабдыктарды анын мүмкүнчүлүктөрүн талапка ылайык пайдалануу боюнча курстарды уюштурууну көздөйт.


Маданият жана жаратылыш.

Долбоор адам менен жаратылыштын бирдиктүүлүгүнө чакырган, өткөн муундардын пайдаланган бай мурастарына багытталган маданий иш чараларды өткөрүүнү көздөйт. Долбоор калкты Кыргызстандын жаратылышын аяр пайдалануу эстетикасына чакырууга багытталган жана Ысык- Көлдүн сулуулугун кийинки муундар үчүн сактоого эсептелген. Долбоор ар түрдүү массалык маалымат каражаттарынын катышуусун, үгүттөө дестелерин кеңири жайылтуу, массалык кум жээктер менен айыл конуштарында тийиштүү маалымат калканчтарын орнотууну, мындан сырткары телекөрсөтүү жана интернет аркылуу видеороликтерди берүүнү карайт.


баннер
баннер
баннер