Общественный фонд    ЧИСТЫЙ ИССЫК-КУЛЬ
 Добровольное движение    ЧИСТЫЙ ИССЫК-КУЛЬ
вверх
 вниз 
Верхний блок Эмблема.

Көйгөйлөр тууралуу

“Таза Ысык-Көл” коомдук фондун түзүү боюнча аракеттерге жана көлдү коргоого экология кыймылын тартууга түрткүнү, 2014-жылдын августунда суу алдында сүзүүчү адамдардын тобунун Ысык-Көлдүн аймагындагы Кара-Ой айлындагы жээкте суу түбүнө түшүүлөрү болду. Ал жердеги, кум жээктен 10 метр арыда көлдүн пластика бөтөлкөлөрүнө, пиво банкаларына, айнек идиштерге, авто унаа жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө, ар түрдүү чүпөрөктөргө, дат баскан темир түзүлүштөргө жана ар кандай таштандыларга толуп кетиши себеп болду.

Айрым бир эс алуучулар менен аларды тейлеген уятсыз чарбалык субъектилер боюнча ойлор, суу түбүнө түшүүдө алар көлгө таштаган таштандыларга, суу түбүнө түшүүнүн жүрүшүндө кабылып калуу мүмкүн экендиги болду.

Албетте, көлгө бардыгын таштаган адамдардын жоруктарына, оңолуп кетүүлөрүнөн башка эч нерсе каалабайсың. Маданият маселесин чечүү ондогон жылдарга созулаары белгилүү.

Бул ондогон жылдарда Ысык-Көлдүн биотутуму “цивилизация” басымын көтөрө алабы? Окмуштуулардын изилдөөлөрү, абал кыйын чекке жетип калгандыгын тастыктоодо. Эгерде көлдүн булганыш кыймылы боюнча кырдаал сакталып калса, эс алган адамдардын саны жылына 2 миллиондон ашса, Ысык-Көлдүн биотутуму кайра калыбына келтирүүгө жарабайт, ошондой эле кайрылгыз кесепеттерге алып келет. Ысык-Көлдү анын биотутуму бузулгандан кийин калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Бүгүнкү күндөгү статистика, акыркы жылдары Ысык-Көлгө миллиондун тегерегинде адамдар келээрин көрсөтөт. Ысык-Көл Кыргызстандагы туристтик эс алуунун өнүгүүсүнүн негизги аймагы болуп саналат. Эс алуучуларды кабыл алуучу көптөгөн курулуп жаткан пансионаттар менен коттедждер, сөз жок, туристтердин агымдарынын өсүшүнө алып келип, жыйынтыгында Ысык-Көлдүн биотутумунун жашоого туруктуулугун кыйроо босогосуна жакындатат. Көлдү тазалоонун зарылдыгы жана анын андан кийинки булганышын алдын алуу мурун эле бышып жетилген.

Акыркы 25 жылда таштандылардын саны менен ар мүмкүнчүлүктүү булгануулардын көлгө ташталышы ар кандай жолдор менен өсүүнүн үстүндө. Эгер Ысык-Көлдүн жээктериндеги таштандыларды тазалоону айта турган болсок, бул жерде дайыма иштер жүргүзүлүп турат, бирок аны бардык аспектиде жакшы уюштурулган деп айтууга болбойт.

Көлгө ташталган жана анын түбүнө чогулган таштандылар менен ар мүмкүндүү булгоолор өзгөчө тынчсызданууну пайда кылбай койбойт. Ысык-Көлдүн азырынча тазы суусунун түбүнө ташталган таштандылардын саны жыл сайын көбөйүү менен, көлдүн өз биотутумунун жашап кетүүсүнө, ошондой эле калк жашаган айылдарга жакын массалык кум жээктердин экологиялык абалдарына таасир тийгизип, бул маселе олуттуу көңүл бурууга татыйт.

Көлдүн түбүн дайыма таштандылардын ташталышынан тазалап туруу бүгүнкү күнгө чейин колго алынбаган. Себеби, суу алдындагы таштандыларды тазалоого көп нерселер жетиштүү бөлүнбөгөн. бул негизинен–каржылоонун жоктугу, ошондой эле ушундай иштерди аткарууга ишмердүүлүгү багытталган–ишкананын жоктугу. Экинчиден–тазалоонун татаал өзгөчөлүгү, анткени аны тазалоо иштерин аткарууга, суу түбүнө түшүүнү үйрөнгөн жана суу алдында көпкө жүрө алган тажрыйбалуу адамдар талап кылынат. Алсак, суу алдындагы иштер ден соолук үчүн жогорку тобокелчиликти жаратып, буга байланыштуу, жетиштүү адамдарды тартуу, алар үчүн алдын ала даярдоо жана кийин алардын суу алдында иштеши да кыйынчылык менен чечүүчү тапшырма бойдон калат. Керектүү көлөмдөгү толук кандуу материалдык базанын жоктугу бирден- бир маселе, аны чечмейин Ысык-Көлдү таштандылардан арылтуу мүмкүн эмес.

баннер
баннер
баннер